Сузакта коронавируска чалдыккан адамдын аны менен умрага чогуу барып келген, дайыма жанында жүргөн аялынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөт башчы бул илдетке чалдыгуу коркунучу ар бир адамдын иммунитетине жараша болорун белгилеп, ооруп калган үч сузактык менен бир учакта келген 144 адамдын баары аныкталганын, алар дарыгердин көзөмөлүндө экенин айтты.
Өкмөт башчы Сауд Арабиясы Кыргызстанда коронавируска байланыштуу сырттан келгендерди «карантинге сөзсүз алыш керек» деген өлкөлөрдүн тизмесинде болбогонун, ошондуктан умрадан келгендер чектөөгө алынбаганын билдирди. Бирок алардын ар бири тизмеге алынып, үйүндө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп турганын кошумчалады.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. (RK)