Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

Кыргыз-казак лидерлери коронавируска байланыштуу абалды талкуулашты


Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясын жайылтпаш үчүн биргелешкен чараларды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттер эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорт тармагындагы коронавирустан улам жаралган маселелерди чечиш үчүн чараларга көңүл бурушту.

Мындан сырткары үчүнчү үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан кыргызстандыктардын Казакстандын аймагындагы абалы жана аларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Борбор Азиядагы бул эки коңшу өлкөдө тең коронавирус менен ооругандар аныкталды. Кыргызстанда илдетти жугузган үч киши табылса, Казакстанда андайлардын саны 36 адамга жетти. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG