Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Парламент өкмөттүн коронавируска каршы аракети тууралуу маалыматын укту


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп, жыйынтыгында токтом кабыл алынды. Өкмөткө оорунун жайылышына жол бербөө, калкты дары-дармек жана азык-түлүк менен өз маалында камсыз кылуу, тартип жана жоопкерчилик чараларын катуулатуу, чек арадан өткөн жарандарга көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үч адам илдет жуктуруп алганы аныкталганын, 386адам карантинде экенин билдирди.

Парламент өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепти толуктоо үчүн мамлекеттик бюджеттик резервден 200 миллион сом бөлүп берүү жөнүндө сунушуна макулдук берди.

Өзгөчө абал тартибин жалпы республикада жарыялоо зарылчылыгы тууралуу маселе абалга жараша, мыйзамдын негизинде кабыл алынары айтылды.

12-мартка белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мөөнөтүн башка убакытка которуу сунушу бир аптадан кийин каралары белгиленди.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG