Европада коронавирус пандемиясынан эң катуу жапа чеккен Италияда 10-мартта киргизилген карантин мурда белгиленген мөөнөттөн узартылмай болду. Бул тууралуу премьер-министр Жузеппе Конте 19-мартта жергиликтүү гезиттеги интервьюда айтты. Мындай чечим илдеттен көз жумгандар кескин көбөйүп кеткен кезде кабыл алынууда.
Бейшембиге карай өлгөндөрдүн жалпы саны 2 900гө жетти. Алдыңкы күнү 475 киши өлүп, эпидемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Калкы Италиядан 23 эсе көп Кытайда COVID - 19 вирусу 3 200 кишинин өмүрүн кыйды. 3-орунда 1 100ден ашуун киши каза тапкан Иран турат.
Азыркы чектөөлөрдүн алкагында 3-апрелге чейин италиялыктар жумушка баруу, тамак-аш же дары-дармек алууга же башка, жашоо үчүн эң зарыл иштер үчүн гана сыртка чыга алышат.
Азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардан башка бардык соода түйүндөрү 25-мартка чейин жабылган.
Шаршембинин кечинде тараган маалыматка ылайык, Италияда вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 28 миңден ашты, 4 миң 25 киши айыкты.