Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:48

Улуттук банк: Доллардын курсу тууралуу божомол бербейбиз


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк доллардын мындан аркы курсу кандай болорун божомолдой албайт. Бул тууралуу 20-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Ошону менен катар ал курстун кескин түрдө өзгөрүшүнө жол берилбей турганын айтты:

«Улуттук банк эч убакта божомол бербейт. Бирок биз эч убакта кескин түрдө курстун жогорулап кетишине жол бербейбиз. Мисалы, кечээ интервенция жасабасак, ким билет, кандай курс болмок?! Баарыбыз «коронавирус» деп, «чек аралар жабылды» деп дүрбөлөң түшүп жатпайбызбы».

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ага чейин Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион долларды 72,90 сомдон сатыкка чыгарган.

11-мартта Абдыгулов сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Акча алмаштыруучу жайлардын маалыматына караганда, башкы банк бир долларды 84,85 курс менен сатты.

Бүгүн 20-мартта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 80-82 сомдон сатылууда, кечээ 85 сомго чыгып кеткен.

Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG