Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Зеленский: Зарыл болбосо, үйдөн чыкпагыла


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-мартта элине видеокайрылуу жасап, коронавирусту жайылтпоо үчүн зарылдык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды.

“Бүгүн мен апама чалдым. Ушул күндөрү мен андан үйдө отуруңуз деп суранып келдим. Менден башка эч ким керектүү азык-түлүктү ала албайт деп укпай келди. Бирок акыр-аягы аны көндүрдүм. Апам абдан зарыл болбосо, үйдөн чыкпоого макул болду. Ата-энеңерге, чоң ата чоң энеңерге чалгыла. Аларга зарыл нерсени алып келип бергиле же азык-түлүк, дарыны онлайн кызмат аркылуу жеткиртип бергиле”, – деди президент Зеленский.

Ал “вирусту таратпоого жардам берип, өзүн жана башкаларды тобокелдиктен сактап жатат” деп дарыгерлердин кеп-кеңешин угуп, көчөгө чыгууну чектеген украиналыктарга ыраазычылык билдирди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу социалдык тармактарда дүйнө өлкөлөрүндөгү медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп алуу же таратуу тобокелдигин азайтуу максатында #StayHome (үйдө кал) деген чакырык менен флешмоб өткөрүп жатат.

Украинада COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталгандардын саны 26 кишиге жетип, алардын үчөө көз жумду.

XS
SM
MD
LG