Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Баткенде дезинфекциялоо, коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Баткен районунун 21-мартта карантинге алынган Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Алардын ичинде изоляторго жаткырылган тургундардын турак үйлөрү да бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиология борборлорунун кызматкерлери облус аймагындагы 230 мечитти, 13 мектепти, 7 орто жана жогорку окуу жайды, 17 мектепке чейинки мекемени, 81 коомдук тамактануу жайды, 8 аскердик бөлүктү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү 5 бөлүгүн, 4 базарды, 33 саламаттык сактоо мекемесин, 5 медресени дизинфекциялашты. Дезинфекциялоо иштери Сауд Арабиясынан келген жарандар изоляторго жайгаштырылары менен башталган.

Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган. Алардын 49у - Сауд Арабиясынан умрадан келгендер. Булардын ичинен 21 адам изоляторго жайгаштырылган. Алардын ичинен бир адамга коронавирус жуккандыгы тууралуу 21-мартта республикалык штаб билдирген.

Баткен облусунун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган.

Баткен облусунун кошуна өлкөлөр менен чек аралаш аймактарына блокпосттор коюлду. Анклавдар аркылуу транзиттик каттамдар токтотулган. Чек аралар толук жабык.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаал өлкө аймагында 22-апрелге чейин уланат. Азык-түлүк, дары-дармек жана тиричиликке зарыл товарларды ташыган ишкерлерге тоскоолдук болбойт.(JsA)

XS
SM
MD
LG