Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Франция менен Иран абактагы бирден жаранын алмашты


Франциялык изилдөөчү Роланд Маршал.
Франциялык изилдөөчү Роланд Маршал.

Франция менен Иран бир нече айдан бери абакта жаткан бирден жаранын алмашты. Франциялык изилдөөчү Роланд Маршал 21-мартта Ирандан Парижге учуп келди. АКШнын өтүнүчү менен былтыр Францияда кармалган ирандык инженер Жалал Рохолахнежад да Тегеранга жөнөтүлдү.

Ирандын сот системасындагы жаңылыктарды чагылдырган “Mizan Online” эки адам “өз ара кызматташтыктын” негизинде 20-мартта абактан бошотулганын маалымдады.

64 жаштагы француз жараны Роланд Маршал кесиптеши Фариба Аделхан менен кошо 2019-жылдын июнь айында кармалган. Аларга “элди системага каршы үгүттөгөн”, “улуттук коопсуздукка шек келтирген иш-аракеттерге барган” деген айыптар коюлганы кабарланган. Бирок эки изилдөөчү мындай айыптарды четке кагышкан.

Ирандык инженер Жалал Рохолахнежад болсо 2019-жылдын февраль айында Франциянын Ницца шаарынын аэропортунда кармалган. Ал АКШда “Иранга санкцияларга карабастан өндүрүш жабдыктарын экспорттогон” деп шектелип жатат. 11-мартта Франциянын кассациялык соту Рохолахнежадды Кошмо Штаттарга жөнөтүүгө макул болгонун, бирок француз өкмөтү аны бошотууну чечкенин билдирген.

Эки адамдын кармалышы ансыз да Вашингтон менен мамилеси чыңалып турган Тегерандын Париж менен алакасына да көлөкөсүн түшүргөн.

XS
SM
MD
LG