Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Өкмөт: Өзбекстандан товар ташуу үзгүлтүккө учурабайт


Мухаммедкалый Абылгазиев жана Абдулла Арипов
Мухаммедкалый Абылгазиев жана Абдулла Арипов

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалга байланыштуу эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, сүйлөшүүдө коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учуратпоо макулдашылды.

Мындай сырткары коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелерди кеп кылышты.

Борбор Азиядагы коңшу эки өлкөдө коронавирус илдети чыкты. Кыргызстанда COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Ал эми 22-марттагы расмий кабарга ылайык, Өзбекстанда 43 кишиде COVID-19 вирусу аныкталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG