Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Дүйнөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 15 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу коронавирустун кесепетин талдап-тактап жаткан АКШдагы Жон Хопкинс институту билдирди. Аталган институт жарыялаган соңку статистикага ылайык, ажал тапкандардын тогуз миңден ашыгы Европа мамлекеттеринин жарандары, алардын теңинен көбү италиялыктар. Оору алгач катталган Кытайда бул оору үч миңден ашык кишинин өмүрүн жалмады.

Испанияда соңку бир күндүн ичинде оорудан 462 адам ажал тапты жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бул өлкөдө коронавирус эки миңден ашык адамдын өмүрүн кыйды.

АКШда коронавирус 35 миңден ашык адамдан аныкталды. Бул өлкө оорулуулардын саны боюнча Кытай, Италиядан кийинки эле үчүнчү өлкө болуп калды.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 350 миңден ашык кишиге жукту. Алардын 100 миңдейи сакайып кетти.

XS
SM
MD
LG