Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ысык-Көл облусунун тургундары эми айылдан айылга каттай албайт


Бул тууралуу облустук штабдын 24-марттагы жыйынында өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев айтты:

«Жергиликтүү бийликтин суранычына карабай, айрым тургундар башка айылдарга барышын, райондон районго каттоосун токтотпой жатат. Эми бүгүнкү күндөн тартып чектөө киргизилет. Бул чаралар элдин саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет», - деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү.

Ошондой эле ар бир айылдын чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Айылдарга, районго кирүү же чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жалпысынан 15 жерге блокпосттор коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.

24-марттагы эртең мененки расмий маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 вирусун алып жүргөн 16 жаран бар. Алардын сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен райондорунда, экөө Бишкек шаарында катталган. Жаңы коронавирус жуккан 16 кишинин жетөө - эркек, тогузу - аял. (КS)

XS
SM
MD
LG