Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Өзгөчө абал киргизилген аймактардын коменданттары дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол койду.

Ага ылайык, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп бекитилди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.

24-мартка карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти. Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG