Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Сот имараттарына кирүүгө чектөө коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берет. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим соттордун ишинин өзгөчөлүгүнө, каралып жаткан ар бир иштин мөөнөтү белгиленгенине байланыштуу кабыл алынды.

Ошол эле учурда коронавирустан сактануу жана аны жайылтпоо чаралары күчөтүлүп жатат. Бул максатта сот залдарына жараяндын катышуучулары гана киргизилет. Жарандарды кабыл алуу, жолугушуулар жана башка иш-чаралардын баары токтотулат. Соттолуучулардын жакындарын, журналисттерди жана башка угуучуларды киргизүүгө чектөө коюлат.

Журналисттерге керектүү маалымат соттордун басма сөз кызматтары аркылуу берилип турары айтылды.

Кыргызстанда коронавирустун айынан айрым аймактарда 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилип жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыктарга 24-мартта кол койду. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, бул жарлыктарды толук колдоп берди.

Ал арада соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус табылган адамдардын саны дагы 26га көбөйүп, 42 кишини түздү. Бейтаптардын эң кичүүсү бир жашка толо элек ымыркай, эң улуусу 86да. (RK)

XS
SM
MD
LG