«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 25-26-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти.
26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкек шаарында 26-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн -1…+1°, күндүз 7…9° градусту түзөт. (ErN)