Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Коронавирус жуккан балдардын абалы канааттандырарлык, реанимациядагы бейтаптыкы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан балдардын баарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу 25-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул илдетке чалдыккан балдардын бирөө бирге толо элек, экинчиси алты жашта, дагы бирөө 14тө.

Ал эми Жалал-Абаддын ооруканасында жаткан 71 жаштагы бейтаптын абалы туруктуу оор.

25-март, саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан эки жаңы учур катталды. Экөө тең эркек. Бири 60 жашта, экинчиси 35те.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 болду.

Ош облусунда 20 учур, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир учур катталды.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG