Бишкекте ири соода борборлору жана супермаркеттер өзгөчө абал режимине ылайык иш графигин өзгөрттү. Бул тууралуу аталган жайлар социалдык тармактагы баракчаларына маалымдама жайгаштырышты. Маалыматка ылайык, 25-марттан тартып «Глобус», «Фрунзе», «Народный» дүкөндөр түйүндөрү 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Аталган жайлар кардарларды дүкөнгө кирерде санитардык эрежелерди сактоого жана беткап тагынууга чакырууда.
Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова дүкөндөргө тазалыкты сактоого өзгөчө көңүл бурушу керек экенин билдирген.
«Соода борборлордо - улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек, дүкөнчүлөр мээлей, беткап кийип соода кылыштары керек, андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек», - деген Айнура Акматова.
Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус инфекциясын 44 адам жугузуп алганы аныкталды. 25-марттан тартып өлкөдөгү Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, жарандардын кечки саат 20:00дөн таңкы 07:00гө чейин сыртка чыгышына тыюу салынган. Башка учурларда ооруканага, дарыканага жана азык-түлүк дүкөнүнө чыгууга уруксат. Ал эми азыркы убакта иштеп жаткан мекеме-уюмдардын кызматкерлери болсо жумуштан алынган уруксат кагазынын негизинде ишке чыгып жатат. (BkA)