Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 15:44

ТИМ: Иранда калган айдоочулардын акыркы тобу Казакстанга кирди


Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан Ирандан Кыргызстанга кайта албай жаткан оор жүк ташуучу машинелердин акыркы тобу Орусиядан Казакстандын аймагына кирди. Бул тууралуу 26-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25-мартта орус-казак чек арасындагы «Котяевка-Курмангазы» бекетинен акыркы 12 машине өттү.

Ошентип, 20-марттан бери Казакстан берген транзиттик коридор аркылуу үч топ менен 57 машине өттү.

Министрлик кыргыз жарандарынын кайтып келишине көмөк көрсөткөнү үчүн Ирандын, Азербайжандын, Орусиянын жана Казакстандын дипломатиялык мекемелерине ыраазычылык билдирди.

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам экенин буга чейин кабарлаган.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочулары жардам сурап президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгону айтылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG