Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Асрандиев: АКШ, Европа, Орусиядагыдай ишкерлерге жардам бере албайбыз


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын жана анда салык жеңилдиктери боюнча чаралар камтыларын билдирди. Асрандиев депутаттардан жана эксперттерден ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сыяктуу сунуштар түшүп жатканын, бирок өкмөт буга бара албай турганын ачык айтты.

«Биз салыктардан толук бошотуу жана ишкерликти түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча башка өлкөлөрдүн - АКШнын, Түркиянын, Европанын, Казакстандын, Орусиянын тажрыйбасын толук колдоно албайбыз. Себеби, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр биз өз абалыбызды реалдуу көз караш менен баалашыбыз керек», - деди вице-премьер-министр Асрандиев.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Өлкөнүн Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги бюджеттин толбой калуу коркунучун санап жатат.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган.

26-мартта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фонду, Азия Өнүктүрүү банкы жана Евробиримдик сыяктуу эл аралык институттардан финансылык жардам сурады. (TSh)

XS
SM
MD
LG