Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Ипотека компаниясы: Төлөм мөөнөтүн узартса болот, бирок үстөгү кала берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотека компаниясы насыя боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу шарттары тууралуу маалымат берди.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, коронавирустан улам өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу ипотекалык насыясын төлөй албай жаткан кардар жеке өзү арыз менен кайрылышы керек.

«Ар бир зайымчынын кайрылуусу өзүнчө каралат. Бирок насыяны кайтаруу мөөнөтүн узартуу деген бир нече төлөмдү кечүү дегенди түшүндүрбөй турганын эске алыш керек», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Компания мөөнөтү жылдырылган төлөмдөрдү кийинкиге калтырcа болорун, бирок сөзсүз пайыздык үстөгү кошулуп эсептелерин кошумчалады.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирген. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу жөнүндө сунуш киргизилгени айтылган.

Өкмөт 2015-жылы арзан турак жай программасын кабыл алып, аны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания уюшулган. Компаниянын уставдык капиталы 310 млн сом. (RK)

XS
SM
MD
LG