Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Өкмөттүн Таластагы өкүлү карантин эрежелерин сактабагандарды сындады (видео)


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жергиликтүү тургундарга видео аркылуу кайрылып, коронавируска байланыштуу обсервация, карантин эрежелерин сактабагандар жазага тартыларын эскертти. Мураталиев жалпы талаптарга баш ийбей, топтошуп жаткандарды сындады.

“Обсервациядагылар ичинен чыкпай отургулачы. Чылым чексеңер белгиленген жерге чыккыла. Анализиңер чыкканча кыдырбагыла! Калган бир туугандар үйдөн чыкпай отургула. Күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Кечээ Кой-Ойдо 100дөй инилерим келип алып, “эмнеге киргизесиңер?” деп атат. Эртең эле ошолордун туугандары, же мен, же бул ооруп калса башка жакка кетирип ийебизби? Ошон үчүн туура түшүнгүлө. Эми катаал чараларды кабыл алабыз”, - деди Мураталиев.

Марат Мураталиевдин айтымында, учурда Талас облусу боюнча чет өлкөдөн келген 532 киши обсервацияда жатат.

Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз жарандарын үйдөн чыкпай отурууга чакырып жатат.

Кыргызстанда 18-марттан баштап жалпы өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап жаңы коронавирус катталган айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Талас облусу COVID-19 вирусу катталбаган аймактардын катарына кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG