Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Абылгазиев: Дарыгерлердин жакындарынан даттануулар көп болуп жатат


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым жарандардан, медицина кызматкерлеринин жакындарынан ар кандай даттануулар көп экенин белгилеп, алардын иши үчүн зарыл бардык шарт түзүлүшү керектигин билдирди.

“Медицина кызматкерлери бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын маршруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагынын көрүп турабыз”, - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы тез аранын ичинде илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду издеп, санын тактоо керек экенин белгиледи. Ал эми азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер туш болгон көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Темирбек Ажыкулов азык-түлүк ташыган ишкерлер посттордон өтө албай жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ал эми социалдык тармактарда жумуштан үйүнө, үйүнөн жумушка жөө барып жаткан дарыгерлер жөнүндө жазып жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG