Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал кирген аймактардагы посттордон өтүү үчүн уруксат документтери онлайн бериле баштарын билдирди.
“Бир-эки күндүн ичинде уруксат документтерин электрондук түрдө бере баштайбыз. Биз ушундай шартта иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнөт деп ойлойм. Бул жагдайды жөнгө салабыз”, - деди Орозалиев.
Бирок Орозалиев ал уруксат кагаздары кимдерге берилерин тактаган жок. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары азык-түлүк, дары-дармек ташыган ишкерлер уруксат документин ала албай жатканын жазып чыгышкан. (TSh)
Пикирлерди көрүңүз (3)
дагы пикирлерди жүктөө