Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-июнь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сындады


Штабдын жыйыны.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн режиминде штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйында 29-мартта коронавирус табылган дагы 26 киши менен байланышта болгондор аныкталып, изоляцияга алынганы белгилүү болду. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигинин уюштуруу, башкаруу иштеринде кемчиликтер болуп жатканын айтты:

“Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчиликтерди көрүп турабыз, бул калктын да нааразылыгын жаратпай койбойт. Кетирилген кемчиликтер жоюлат”, - деди Кубатбек Боронов.

Ушундай эле сын патрулдук милициянын ишмердүүлүгүнө да айтылды. Боронов көчөлөрдө адамдардын ары-бери жүрүүсүн мүмкүн болушунча чектөө зарылдыгын белгиледи.

Штабдын жыйынында коронавирусту аныктоо үчүн Беларустан 25 миң тест алып келүү маселеси чечилип жатканы белгилүү болду.(TSh)

Пикирлерди көрүңүз (32)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG