Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Комендант: Ошто жазгы талаа иштерине тоскоолдук болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-мартта Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жергиликтүү бийлик менен акылдашып малды жайытка чыгаруу, жазгы талаа иштерин уланта берүү керек экенин билдирди. Анын айтымында, бул иштерге эч кандай тоскоолдуктар болбойт.

“Азыр талаа жумуштарынын маалы жана малды жайлоого, жайытка чыгара турган учур. Бул маселелерди жеринде айыл өкмөтү, жайыт комитеттери менен акылдашып, өз учурунда иш жүргүзүлө берет, эч кандай тоскоолдуктар болбойт”, - деди Нурдинов.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG