30-мартта пульмонолог, эпидемиолог жана реаниматолог дарыгерлер Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберилет. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов 29-мартта брифингде билдирди:
«Түштүктө абал оор болгондуктан, биз 15 чакты пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлерди ошол жакка жиберип жатабыз. Адистер даяр».
25-мартта Бишкектен Жалал-Абаддагы ооруканаларга ыктыярчы сегиз дарыгер барган. Алар алдыдагы күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан адистер менен орун алмашары кабарланган. Алардын үчөө облустук клиникалык ооруканада, бешөө Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда иштеп жатышат. Арасында ар кыл багыттагы тажрыйбалуу дарыгерлер жана медайымдар бар.
Кыргызстанда коронавируска кабылган 84 киши аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарында. (ZKo)