Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Бишкекте коменданттык саат учурунда 122 адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 30-мартка караган түнү коменданттык саат эрежелерин бузган 122 адам кармалды. Бул тууралуу баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын 23ү аял, 97си эркек, экөө чет элдик жаран жана экөө өспүрүм.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашина да жүрбөшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG