Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

ИИМ: Коменданттык саат учурунда 148 адам кармалды, көбү Бишкекте


Бишкек.

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык сааттын талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандардын арасынан 122 адам Бишкекте. Ош шаарында сегиз, Жалал-Абад шаарында тогуз, Сузакта төрт, Ноокатта бир жана Кара-Суу районунда төрт адам.

Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG