Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Бишкектин көчөлөрүнө кошумча 400 патрулдук кызматкер чыга баштайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаары 30-марттан тартып күчөтүлгөн көзөмөлгө өтүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, борбор шаардын көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгат.

«Алар санитардык-карантин эрежелерин бузгандарга карата чара көрүшөт», - деди комендант.

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык сааттын талабын бузган 148 киши кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG