Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Боронов: Чет жактагы жарандарыбызды таштабайбыз (видео)


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстан чет мамлекеттердеги жарандарын таштабайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-марттагы онлайн басма сөз жыйынында Орусиянын аэропортундагы кыргызстандык жарандар тууралуу суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Вице-премьер кыргыз өкмөтү каалагандардын баарын татыктуу тосуп аларын, медициналык тейлөөгө жана камкордукка аларын айтты:

«Кимдин колунда учакка билети бар болсо, аларды ташып келип жатабыз. Андайлардын соңку 401ин бир рейс менен алып келип, обсервацияга жаткырдык».

Ошол эле учурда Кыргызстанга келген жарандар жаңы вирустун алдын алуу максатында экспресс-тесттерден өткөрүлүп, Бишкектеги үч жерге карантинге жаткырылган.

Боронов ошондой эле орусиялык бир жаран өз өлкөсүнө кайра кайтарылганын билдирди.

30-мартта Москванын аэропортунда топтолгон жарандар Бишкекке жеткирилгени мурда кабарланган.

30-мартка карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясы жуккан адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адам болду. Алардын ичинен 1-категориядагысы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, 2-категориядагысы (башкалар) – 5222.

Жалпы республика боюнча 1459 адам обсервацияда.

30-мартта Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган дагы 10 адам аныкталды. Ошентип, өлкө аймагында коронавирус жуккандардын жалпы саны 94 адам болду. (RK)

XS
SM
MD
LG