Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Чолпонбаев: Коронавирусту өлкө ичинде жугузгандар көбөйүүдө


Кыргызстанда акыркы күндөрү COVID-19 вирусу четтен келгендерден эмес, өлкөнүн ичинде бири-бирине жугузгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 30-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Министр жарандарды сыртка чыкпай, изоляциялоо аркылуу гана вирустун жайылышын токтотууга болот деп эсептеди.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу алгачкы жолу Сауд Арабиясына умрага барып келген үч кишиде аныкталганы 18-мартта маалымдалган.

30-мартка карата коронавирус жугузуп алган жарандардын саны 94 болду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө экспресс-ыкма менен лабораториялык изилдөөлөрдөн 5380 адам өткөн. Ал эми ПЦР-тест аркылуу 13682 адамдан анализ алынган.

Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7307 адамды түздү. Алар алардын ичинен биринчи категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2085, экинчи категориядагы – 5222 адам. Өлкө боюнча 1459 адам обсервацияда жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG