Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргызстан: Коронавирус жуккандардын кичүүсү - бирге толо элек эки ымыркай


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы коронавирус жуккан адамдардын эң кичүүлөрү - бирге толо элек эки ымыркай. Бул тууралуу 30-мартта коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, дагы жети бала 15ке чыга элек. 16дан 19 жашка чейинки бейтаптар - төртөө, 20-35 жаштагылары - 29, 35-55 жаштагылар - 23. Ал эми 55 жаштан жогору курактагылар - 29.

30-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккандар 94 болду. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 50, Ош облусунда - 24, Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Ош шаарында - 8, Бишкек шаарында - 7, жана Нарын облусунда 1 киши бар.

30-марттагы расмий маалыматка караганда 94 адамдын үчөө - Сузак районунун 62, 46 жана 44 жаштагы тургундары айыгып чыгышты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG