Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

АКШда коронавирустан өлгөндөр үч миң адамдан ашты


Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирустун микроскоптон көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин маалыматына караганда, Кошмо Штаттарда бул ооруга 163 429 киши чалдыккан. Андан 3008 адам көз жумду. 5764 киши айыгып чыкты.

Мындай көрсөткүчтөрү менен ушул тапта АКШ коронавируска кабылгандардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда. Президент Дональд Трамп оору дагы эки жумада көбөйүшү ыктымал экенин жекшембиде басма сөз жыйынында айткан.

Өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, пандемиялык кырдаал жаралган.

Акыркы маалыматтар боюнча, ооруга 720 миңден ашуун адам чалдыкты, 35 миңден ашуун киши вирустан көз жумду.

Кытайдын өзүндө ооруга 81 518 адам чалдыгып, 76 миңден ашууну айыгып чыккан, 3 305 адам өлгөн. Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталды. Баары чет мамлекеттен келгендер.

XS
SM
MD
LG