Коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда Кыргызстанда ишкерлер жабыркап жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 31-мартта Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында айтты. Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Өлкө башчы бүт дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстан да экономикалык жактан абдан жабыркап жатканын белгиледи:
«Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумушта иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендешибиз бар. Аялуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат».
Жээнбеков өкмөттөн бул багытта ыкчам аракеттер талап кылынарын айтты. Ал өкмөттүн соңку кырдаалдан улам кабыл алган антикризистик планы муктаждарга, жумушсуз калгандарга жардам көрсөтүүгө багытталганын кошумчалады.
31-мартта өкмөт калкты социалдык жактан колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин планын бекитти.
18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө сакайып чыкты.
25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.
Бишкектеги чакан ишкерликтин баары банкроттук коркунучунда турганын адистер айтууда. Баш калаада 7,3 миң чакан жана орто бизнес ишканалары бар (республика боюнча 12 миң). Бүтүндөй тармактар - мейманканалар, туристтик компаниялар, коомдук тамактануу, сода жайлары, сулуулук салондору, авто жуугучтар, таксопарктар кирешесиз калды. (RK)