Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Билим берүү министрлиги дистанттык окуунун тартибин түшүндүрдү


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Бишкектеги басма сөз жыйынында билдиришти. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, 8-апрелден тартып бала бакчалардын тарбиялануучулары жана кенже класстагы окуучулары үчүн "Баластан" каналы аркылуу телесабактар уюштурулат. Ал эми 5-класстан жогорку окуучулар үчүн "Илим, билим" телеканалы аркылуу телесабактар берилет.

Жусупбекова учурда бул каналдарда атайын сабактар даярдалып жатканын билдирди. Мындан сырткары мугалимдер окуучулар менен "Zoom", "WhatsApp" тиркемелери аркылуу байланышып, тапшырмаларды текшерип турат.

Ал эми министрдин дагы бир орун басары Нурлан Өмүрованын сөзү боюнча жогорку окуу жайларынын студенттери дисттандык форматта билим алууну улантышат. Учурда мамлекеттик сынактарды жана жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн түрдө өткөрүүнүн жол-жобосу даярдалып жатат.

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин кезексиз каникулга тараган. Учурда өлкө боюнча 107 адам бул илдетти жугузуп алганы аныкталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG