Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

COVID-19: Атайын эсептеги акчаны бөлүштүрүүгө жарандык коомдон эки өкүл катышат


Сүрөт Аида Касымалиеванын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Сүрөт Аида Касымалиеванын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Коронавируска каршы күрөш үчүн топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирди. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып, “Эң башкысы – ачыктык, мониторинг жана адилеттүүлүк!” деп белгиледи.

Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектейт.

Жарандык коомдон мүчөлөр: "Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова жана "Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун" башчысы Бурулсун Сүйүналиева.

30-мартка карата ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан 55 миллион сомдон ашык каражат чогулган. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 31-мартка карата 107ге жетти.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG