Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Коронавирус эң көп катталган Жалал-Абадда абал туруктуу жана көзөмөлдө


Жеңиш Жоробеков.
Жеңиш Жоробеков.

Кыргызстандын коронавирус эң көп катталган аймагы - Жалал-Абадда коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробековдун айтымында, жалпысынан 40тан ашуун санитардык-карантиндик пост иштеп жатат.

31-мартка караган түнү облус аймагында оор жана өзгөчө оор кылмыш катталган жок. Шаарда коменданттык саат талаптарын бузган тогуз адам кармалып, кое берилди, Сузак районунда андайлар болгон жок.

Комендант: «Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндөгү буйругум менен күнүмдүк азык-түлүк жана мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек жолундагы «Беш-Кепе» жана «Боз-Чычкан» бекеттеринен жол кайгуул кызматкерлеринин коштоосунда өткөрүлүп жатат. 30-31-мартта 30 жүк ташуучу машине өттү», - деди.

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар 31-мартка карата 107 кишиге жетти. Алардын эң көбү – 51 адам - Жалал-Абад облусунда.

Ош облусунда - 28, Чүй облусунда - төрт, Баткен облусунда - бир, Ош шаарында - тогуз, Бишкек шаарында - сегиз, Нарын облусунда - төрт, Ысык-Көл облусунда эки бейтап катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG