Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Жарандар чогулткан каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы чогултулган каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге кошумча акы катары төлөнөт. Мындай чечимди 31-мартта аталган каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия мүчөлөрү кабыл алышты. Маалыматка ылайык, 31-мартка карата аталган эсепке 69 миллион сомдон ашык каражат топтолгон. Анын 38, 5 миллион сому вирус табылган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге которулду. Алар бул каражатты кошумча акы катары колдонмокчу.

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери өз айлыгынан которушууда. Буга чейин өкмөт бул каражаттын ачык-айкын колдонулушун камсыздоо максатында бөлүштүрүү комиссиясын түзгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен үч адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 1592 адам обсервацияга жаткырылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG