Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

Казакстан Кыргызстанга ун ташууну чектеди


Иллюстрациялык сүрөт.

26-марттан баштап Казакстан Кыргызстанга ун жана буудай ташууну убактылуу чектөө койду. Бул тууралуу 1-апрелде парламентте сүйлөп жатып вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Айына 30 миң тонна өлчөмүндө квота аныкталды. Буга чейин казак тараптан ун менен буудай чектөөсүз киргизип жаткан.

Вице-премьер «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде да Кыргызстанга жүк ташып кирүүгө чектөө коюлганын, ушундай жагдайларга байланыштуу Орусиядан 100 миң тонна буудай алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG