Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Трамп Орусия менен Сауд Арабиясынын мунай боюнча сүйлөшүүсүнө аралаша алат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Сауд Арабиясы дүйнөлүк мунай базарындагы соңку кырдаал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнү такташып-макулдашып жатканын билдирди. Ал 31-марттагы брифингде эки өлкөнүн сүйлөшүүсүнө керек болгон учурда өзү да аралашуусу мүмкүн экенин билдирди.

Москва менен Эр-Рияддын мунай өндүрүүгө байланыштуу талаш-тартышынан улам кара майдын баасы кескин арзандап кетти. Мунайдын наркына дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу жагдай дагы таасир этти, карантин чаралары мунай өндүрүмүнө болгон муктаждыкты азайтты.

Мунун алдында Кремль «америкалык тараптын сунушунан улам» Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен 30-мартта телефондон көпкө сүйлөшкөнүн билдирген. Анда эки лидер коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү соңку жагдайды талкуулаганы айтылган. Андан сырткары Кремлдин сайтында эки президент «дүйнөлүк кара май базарындагы абал тууралуу ой бөлүшүп, бул багытта «орусиялык-америкалык кеңешүүнү» Энергетика министрликтери аркылуу жүргүзүүнү, ошондой эле көзмө-көз жолугушууну улантууну макулдашты», деп жазылган.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки лидердин соңку сүйлөшүүсү тууралуу комментарий берип жатып, мунайдын арзандаганы Орусиянын да, АКШнын да кызыкчылыгына төп келбей турагнын айтты. Ал президенттердин сүйлөшүүсүндө Сауд Арабиясы тууралуу сөз болггон-болбогонун тактаган жок.

XS
SM
MD
LG