Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:56

Орусиядан келе албай жаткан кыргызстандыктардын маселеси парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелде парламенттин кезексиз жыйынында бир нече депутат Орусиядан мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктардын маселесин көтөрүп, өкмөт аны тез арада чечиши керек экенин белгиледи.

Эл өкүлдөрү Жанарбек Акаев, Таабалды Тиллаев жана Алмазбек Эргешов Новосибирск шаарындагы аба майданында калган кыргызстандыктарга, Орусия менен Казакстандын чек арасында турган мекендештерге каржылык жардам көрсөтүү зарыл экенин айтышты.

«Новосибирскидеги 294 адамга учак жөнөтүлөбү? Ондой депутат мигранттар жөнүндө сүйлөдү. Ал жакта кары-картаңдар, балдар күтүп жатат», - деди депутат Жанарбек Акаев.

Депутат Таабалды Тиллаев Кыргызстанга уча албай турган жарандардын күнүмдүк жашоосуна керектүү муктаждыктары үчүн акчалай колдоо керек экенин белгилеп, ал жактагы кыргыз диаспораларынын күчү жетпей жатканын кошумчалады.

Депутат Жылдыз Мусабекова Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында калган 300дөй кыргыз жаранын өлкөгө алып келүүгө өкмөт көңүл бурушу керек экенин билдирип, алар учурда кыйын кырдаалда калганын айтты. Өкмөт бул маселенин чечүүнүн жолдору талкууланып, айтылган сунуштар эске алынарын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG