Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

АКШ сенатору Кытайды «жалган маалымат берип жатат» деп сындады


Бен Сасс.
Бен Сасс.

Америкалык сенатор Бен Сасс Кытайдын Коммунисттик партиясын «коронавирустун жайылышы тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатат» деп айыптады. «Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн саны Кытайга караганда көп деген маалымат - калп», деп жазат Бен Сасс 1-апрелде тараткан билдирүүсүндө.

Сенаттын Чалгын комитетинин мүчөсү Кытайдын мындай «жалган үгүтүн» Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, эркин журналисттер жана «бул коркунучтуу вируска каршы күрөшүп жаткан америкалык эпидемиологдор» олуттуу кабыл албашы керек экенин кошумчалады.

Сасс жана дагы бир республикачыл мыйзам чыгаруучу Майкл Маккоул «Блумберг» агенттигине чыккан макала тууралуу айтышты. Анда Кошмо Штаттардын Чалгын кызматынын өкүлдөрүнө шилтеме жасалып, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан инфекция жана анын жайылышы тууралуу маалыматтары толук эмес болгону жазылган.

Расмий маалымат боюнча, 1-апрелге карата Кытайда COVID-19 илдетинен 3316 киши көз жумуп, ага чалдыккандардын саны 82361 кишиге жеткен. Ал эми Кошмо Штаттарда ушул эле датага карата коронавирусту 213 372 адам жугузуп алган. 4757 адам бул оорудан каза тапты.

XS
SM
MD
LG