Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 07:00

Кыргызстанда коронавирус жуккан бир адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан адам каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, 61 жаштагы адам Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан.

Штабдын маалыматы боюнча 3-апрелге карата өлкө аймагында тогуз адамдан коронавирус жаңыдан аныкталды. Ушуну менен өлкөдө жалпысынан СOVID-19 вирусу жуккандардын саны 125 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин беш адам айыгып чыкканын жарыялаган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (25)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG