Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Министр: Кыргыз-түрк ооруканасын ачуу маселеси бир-эки күндө чечилет


Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкекте Түркия куруп берген оорукананы ачуу маселеси жакынкы күндөрү чечилет. Бул тууралуу 3-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, учурда ишти уюштурууга байланыштуу айрым маселелер талкууланып жатат.

«Штатын, акча каражатын жана башкаруусун чечип, даярдап турушубуз керек. Эгер көп киши түшө баштаса ошол оорукананы тез арада колдонгонго киришүүбүз керек. Бир-эки күндө чечилет», - деди ал.

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин түрк элчилиги 25-мартта билдирген.

Мындай чечим COVID-19 оорусуна каршы күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондуктан түрк тарап оорукананы башкарууну алгачкы жылдары өзү колго алууну көздөп келген.

Дүйнөдө коронавирус күчөп турган шартта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы тууралуу парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан.

Элчиликтин маалыматына караганда, ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат, эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG