Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Өкмөт ишкерликти колдоо планын иштеп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу оор абалга кабылган жергиликтүү ишкерлерге жеңилдик берүү тизмесин түздү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул багытта бир катар сунуш иштелип чыкты. Алар: 1-октябрга чейин ишканаларды туум менен айып пулдан, жеке ишкерлерди камсыздандыруу полисинен бошотуу, кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин беш пайызга арзандатуу.

Мындан тышкары, текшерүүлөргө мораторий мөөнөтүн узартуу, салык органдарынын текшерүүлөрүн азайтуу, салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө, убагында төлөнбөгөн салык үчүн санкциядан, туумдан жана салыктык милдеттерден бошотуу да сунуш кылынып жатат.

Ал эми ыктыярдуу патент менен милдеттүү патенттин негизинде салыктын суммасын 100% төмөндөтүү каралууда.

Эгер план жактырылса, каржылык колдоо үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген шартта акча бөлүнүп берилет.

Мындан тышкары, Улуттук банк насыясы бар ишкерлерге жардам бериш үчүн коммерциялык банктарга коюлуучу талаптарын жеңилдетмей болуп жатат. Зайымчылардын «насыя тарыхы» начарлабайт.

Жогоруда келтирилген чаралардын баары өкмөттүн антикризистик планына кирди. Бул план, өкмөт билдиргендей, макулдашуу процедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

Коронавирустан улам Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн мекеме-ишканалар токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG