Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Электрондук уруксат кагазын сураган 10 миң арыздын 400ү канааттандырылды


Бишкекте өзгөчө абал шартында шаарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн электрондук уруксат алууга 10 миң 259 арыз түшкөн.

Бишкек комендатурасы алардын ичинен 413 арызга уруксат берген. Учурда 1940 арыз каралып жатат. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев 4-апрелдеги онлайн маалымат жыйында билдирди.

Бишкекте 2-апрелден тарта кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулган. Электрондук уруксат алуу боюнча толук маалыматты 1312.tunduk.kg сайтынан таба аласыз. Буга чейин комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштегендерге 2700, медициналык кызмат көрсөткөн жана дары-дармек менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашуун өткөрмө кагаз берилгенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG