Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы 4-апрелде “Азаттык” радиосуна СOVID-19 илдетине байланыштуу обсервацияга жайгаштырылган жарандар тамак-аш, керектүү каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.
Учурда Баткен облусунда изоляция үчүн 366, обсервация үчүн 766 орун дайындалып жатат.
Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында, өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар обсервацияга алынып, медициналык кароо жүргүзүлгөн соң, анализи таза чыкса, үй карантинине жиберилүүдө. Учурда облуска келген жарандардын агымы азая элек. Мындан улам обсервацияга кошумча орундарды даярдоо боюнча иш-аракеттер журүп жатат.
Обсервацияга алынган жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кызыл Ай коому тарабынан тамак-аш, бир жолу колдонула турган идиш- аяктар, гигиеналык каражаттар менен камсыз болууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабы 3-апрелде Баткен облусунда обсервацияда 500дөн ашуун киши жатканын билдирген.
Баткен облусунда үч кишиден аталган илдет аныкталган, алардын бири айыгып, 3-апрелде ооруканадан чыгарылды. (JsA)