Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстанда СOVID-19 дагы үч адамдан табылды


Ушуну менен жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 147 кишиге жетти.

5-апрелде коронавирус аныкталган үч адам Бишкекте жашашат.

Бүгүн түштөн кийин Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканада COVID-19 вирусу аныкталган 80 жаштагы бейтап көз жумганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Министрлик чет өлкөдөн келген бейтапка тийиштүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Бирок анын ден соолугу кескин начарлап, жүрөгү кармап каза болду.

2-апрелде Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну кайтыш болгон. Тогуз адам сакайганы кабарланды.

Илдетке байланыштуу өлкө азыр өзгөчө абал режиминде жашап атат. Көпчүлүк мекемелер ишин токтотуп, адамдар карантин режимин сакташууда.

Кыргызстанда СOVID-19ду тогуз дарыгер жугузуп алганы 4-апрелде белгилүү болгон. Бул дарыгерлердин жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов буларды айтты:

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер да бар. Кечээ алардын саны сегиз болчу, бүгүн бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Ушу тапта Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 60 миллион сомго жеткени кабарланды. Аны атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп, дароо муктаж ооруканаларга жөнөтүүдө. Негизинен реактивдер, жабдуу, реагенттер, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармек түшүп жатат.

Медициналык гумжардамдан тышкары коронавируска каршы атайын эсеп да ачылган. Ага бүгүнкү күндө элден 96 919 729 сом топтолду.

Кыргызстанда атайын эсепке түшкөн каражаттан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38 559 307 сом бөлүнөт. Кошумча төлөм дарыгерден баштап, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлерге берилет.

Мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG