Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Аялын кордогонду дароо камакка алуу жөнүндө сунуш талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялды коргоонун жаңы механизми сунуш кылынууда. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Жоруктар жөнүндө кодекске кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Депутат аялына зомбулук көрсөткөн кишини 15 суткага чейин камакка алуу керек деп эсептейт.

Азыркы мыйзамдар боюнча милиция үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү дароо камай албайт.

Буга чейин Асылбаева бийлик коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын абалын да унутпашы керек экенин айткан.

Анын: «Эгер аялдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болсо үйүнөн чыгышына уруксат берүүчү норма каралса болобу?» деген суроосуна ички иштер министринин орун басары Памир Асанов: «Биз да бул маселени карап жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жер-жерлерде жүрүүдө» деп жооп берген.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түштү. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG