Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

АӨБ: Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн акча 13,5% азайган


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын сырттагы мигранттары мекенине жөнөткөн акча 2019-жылы ага чейинки жылга салыштырганда 13,5% азайды. Бул тууралуу 6-апрелде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жарыялаган баяндамада айтылат.

Банктын божомолуна караганда, дүйнөдөгү COVID-19 пандемиясына байланыштуу өнөктөш өлкөлөрдө түзүлгөн абал менен кошо Кыргызстанда экономиканын өсүш ыргагы 4 пайыз болуп, былтыркыга караганда төмөндөйт. Былтыр бул көрсөткүч 4,5 болгон. Эгер чек аралар ачылбай, азыркыдай абал улана берсе, көрсөткүч мындан да кооптуу болушу ыктымал.

Баяндамада «2019-жылы инфляциянын бир жылдык орточо деңгээли 2018-жылдагы 1,5 пайызга салыштырганда 1,1 пайызга чейин басаңдайт. 2020-жылы бул көрсөткүч азык-түлүк кымбаттагандыктан 3,5 пайызга жетет жана эгер чек аралар ачылбай, улуттук валютанын долларга карата курсу төмөндөй берсе мындан да начарлашы ыктымал» деп айтылат.

Коронавирус илдетине байланыштуу Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

3-апрелде АӨБ Кыргызстандын медицина тармагына коронавируска каршы күрөш үчүн 200 миң доллар бөлмөй болгонун жарыялаган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү быйыл бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам өлкө бийлиги бир нече эл аралык финансы институтуна кайрылып, жардам сураган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG