Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Казакстанда коронавирус жуккандардын 19% медиктер болуп чыкты


Адамдын дене табын текшерип аткан медицина кызматкери. Чымкент, 1-апрель, 2020-жыл.
Адамдын дене табын текшерип аткан медицина кызматкери. Чымкент, 1-апрель, 2020-жыл.

Казакстанда 6-апрелге карата коронавирус жукканы аныкталгандар 629 кишиге жетти. Алардын 120сы медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди.

Ооруга чалдыккан медиктердин 67си - коронавируска байланыштуу шек саналган же жуктурган адамдарга түздөн-түз жардам көрсөткөндөр.

Марттын аягында Казакстандын өкмөтү эпидемияга каршы иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча маяна берилерин билдирген. Ага ылайык, кооптуулук категориясына карап медицина кызматкерлерине айына 212,5 миң теңгеден 850 миң теңгеге (41-165 миң сом) чейин кошумча төлөнөт. Ал эми коронавирус жугузуп алгандарга Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунан 2 миллион теңге, коронавирустан каза болгон учурда 10 миллион теңге төлөнөрүнө убада берилген.

Жаңы вирустун саламаттык сактоо кызматкерлерине жугуп жатканына тийиштүү коргоочу кийимдердин, беткаптын тартыштыгы, тажрыйбасыздык себеп болуп жатканы айтылууда.

Расмий маалымат боюнча Кытайда коронавирус жуккан медицина кызматкерлери 3300гө жакын киши же жалпы ооругандардын 4% түзөт.

XS
SM
MD
LG